ЖАЙЛА II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жайгаштыруу, орундаштыруу, иреттөө, иретке келтирүү, тейлөө, камдоо. Асыл меймандардын аттарын жайла (Касымбеков). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды (Убукеев). Жеми, чөбүн жайлаңар (Токтогул). 2. Тынчытуу, ыраазы кылуу. Жакып уулунун жана анын жолдошторунун көңүлүн жайлады (Бейшеналиев) 3. өт. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Баатырлыгы ошондой, Ким сайышса жайлаган («Курманбек»).